Жаңылыктар
Ысык-Көл: айылдарда таза суу долбоору иштеп жатат
Аймак
Ысык-Көл: айылдарда таза суу долбоору иштеп жатат

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз, Ак-Суу, Тоң жана Түп райондорундагы бир катар айылдарда таза суу долбоору иштеп жатат. Жыл аягына чейин төрт айыл таза суу менен толук камсыз болот.

Ой-Булак айылындагы таза суу маселесин толук ишке ашыруу үчүн жалпы жыйырма жети миллион сом каражат бөлүнүп берилген. Курулушу азыр элүү пайыздан ашып калды. Аба ырайы жылуу болуп турса, ноябрь айынын аягына чейин бүткөрүү планы бар. Айыл эли буга чейин тоодон агып түшкөн суудан ичип, тиричилигине да колдонуп келишкен.

БыйылТүп районундагы төрт айылда таза суу долбоору ишке ашууда. Таза суусу жок эң кыйын абал Корумду жана Ичке-Суу айылдарында түзүлгөн эле. Бул эки айылда тең таза суу долбоору ишке ашып жатат. Бирок кийинки жылы гана айыл элине таза суу берилет. Анткени курулуш иштери жүргүзүлүшү керек.

Быйыл облус аймагында жети айылда таза суу долбоору ишке ашып, курулуш иштери жүрүп жатат. Анын төртөөнү быйыл бүткөрүү каралган.

Белгилей кетсек, жалпы Ысык-Көл облусу боюнча 176 айыл бар. Анын 86сында таза суу бар. 24 айылда дүйнөлүк банктын колдоосу ишке ашканы турат. Мындан сырткары 12 айылда эмки жылы республикалык бюджеттин эсебинен аткарылат. Калган айылдарда да долборлоо иштери жүрүүдө.