Жаңылыктар
Сириядагы "Тынчтык булагы" операциясы убактылуу токтотулду
Дүйнө
Сириядагы "Тынчтык булагы" операциясы убактылуу токтотулду

Сириянын Түркияга жакын аймагында тынчтык, туруктуулук орнотуу максатын көздөгөн “Тынчтык булагы” операциясы жүрүп жатат. 

Бул боюнча Түркия менен Орусиянын мамлекет башчыларынын жолугуп, натыйжалуу чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат билдирди. Бул көйгөй Сирия же Түркия өлкөсүнө эле эмес, жалпы дүйнө коомчулугуна тиешелүү экендигин айтты элчи.

Ал арада Түркиянын Сириядагы "Тынчтык булагы" операциясы азырынча убактылуу токтотулганын Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Маалым болгондой, Түркия менен Россиянын мамлекет башчылары Сириядагы абалды алты сааттан ашык талкуулаган. Меморандумга ылайык, Москва менен Анкара Сирия - Түркия чек арасынан террорчулардын кирүүсүн алдын алып, качкындардын коопсуз жана өз алдынча кайтып келүүсүн камсыздайт. 

Мындан тышкары, Россия менен Түркия Сирия боюнча меморандумдун аткарылышын биргеликте көзөмөлдөй турган механизмди түзүү жөнүндө да сүйлөшүштү. Жыйынтыгында президенттер араб республикаларынын аймактык бүтүндүгүн жана биримдигин, Түркиянын улуттук коопсуздугунун камсыздалышын сыйлай турганын жана Адана келишимин колдоорун белгилешкен. 

Биргелешип 150 сааттын ичинде күрддөрдүн куткаруучу күчтөрү жана курал-жарактары чек арадан 30 чакырымдай алыс жерге чыгарылат. Андан кийин чек аранын түндүк тарабынан чыгышты карай орус-түрк биргелешкен кайгуулу башталат.