Жаңылыктар
Мамлекет башчынын Японияга болгон иш сапары жыйынтыкталды
Саясат
Мамлекет башчынын Японияга болгон иш сапары жыйынтыкталды

Мамлекет башчынын Японияга жасаган үч күндүк иш сапары жыйынтыкталды. Жээнбеков Токиого иш сапары менен 21-октябрда барып, Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты. Император сарайында өткөн такка отургузуу аземинде дүйнөнүн 195 өлкөсүнөн мамлекет башчылары, түрдүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү болду. 

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугушуп, анда кыргыз-япон эки тараптуу өз ара кызматташтыктын келечеги талкууланды.Ошондой эле, Президент Япониянын парламентарийлери менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын, анын ичинде парламенттер аралык мамилелердин актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.

Мындан сырткары, Сооронбай Жээнбеков «Tokyo Rope MFG» корпорациясынын баш кеңсесине, «Toshiba Energy Systems and Solutions» ишканасынын заводуна барды жана Токио шаарындагы «Ротобо» япон бизнес-ассоциациясынын жетекчилиги менен жолугушту. Инвестициялык кызматташуунун келечеги, эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүндөгү мамилелерди кеңейтүү чаралары талкууланды.

Муну менен бирге иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Японияда иштеген, окуган мекендештер менен жолугушту.