Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков дипломаттарды кесиптик майрамы менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Сооронбай Жээнбеков дипломаттарды кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков 24-октябрь - өлкөнүн Дипломатия кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады. "Сиздер мамлекетибиздин улуттук кызыкчылыгын эл аралык аренада коргоонун алдыңкы сабында турасыздар.

Кыргызстан прагматикалык, көп векторлуу жана ырааттуу тышкы саясатты жүргүзүп келет. Тышкы саясатыбыз өлкөбүздүн узак мөөнөттүү стратегиялык максаттарын ишке ашырууга багытталган. Биздин милдет — Кыргызстан менен союздаш, стратегиялык өнөктөш, коңшу жана башка мамлекеттер менен карым-катнаштарды бекемдеп, өнүктүрүү.

Евразиялык экономикалык биримдиги, Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңеши сыяктуу аймактык интеграциялык бирикмелер менен кызматташтыгыбыз кеңейүүдө. Ошондой эле Бириккен улуттар уюму, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму менен өнөктөштүккө өзгөчө маани беребиз.

Эл аралык кырдаалдагы жаңы чакырыктар биздин дипломаттардан жоопкерчиликти, мекенчилдикти, кеңири көз карашты, билимди, жогорку маданиятты талап кылат.

Сиздер бул милдетти абийирдүүлүк менен аткарып келесиздер.

Мамлекет мындан ары да дипломатиялык кызматтын кадыр-баркын бекемдей берет. Кызматкерлердин кесиптик жактан өсүүсүнө өбөлгө түзүү, жаңы формациядагы дипломаттарды даярдоо — көңүл борборундагы маселе. Улуттук кызыкчылыктарды коргоодо ийгиликтерди, бекем ден соолук жана жетишкендиктерди каалайм! - деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоосунда.