Жаңылыктар
Кыргызстан JICA уюму менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр
Саясат
Кыргызстан JICA уюму менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев JICAнын биринчи вице-президенти Кадзухико Кошикава менен жолугушту. Өкмөт башчы Япония менен кызматташтыкты өнүктүрүү өлкөнүн тышкы саясатындагы маанилүү багыттардын бири жана буга кыргыз тарап өзгөчө маани берерин айтты. 

Премьер-министр Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземинин өтүшү менен куттуктап, Япон элине бакубатчылык жана гүлдөп-өсүүнү каалады. Министрлер кабинетинин жетекчиси JICAнын бир нече долбоорун баса көрсөтүп, Кыргызстанда «Бир айыл – бир продукт» долбоору ийгиликтүү ишке ашып жатканын белгиледи. Анын натыйжасында элет жеринде жумуш орундары түзүлүүдө. 

Премьер-министр долбоорду ишке ашырууну экопродукцияны өндүрүү мүмкүнчүлүгү жогору болгон Баткен облусунан баштоо аркылуу анын камтуу зонасын кеңейтүүнү сунуш кылды. Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн гидроэнергетикалык дараметин, туристтик мүмкүнчүлүктөрдү, электромобилдерди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү жаатындагы алаканы эске алуу менен кызматташтыктын келечектүү тармактарын белгиледи.

Жолугушууда биринчи вице-президент Кадзухико Кошикава социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашыруу аркылуу Кыргызстан менен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоого даярдыгын билдирди.