Жаңылыктар
“Бир адамдан бир китеп” долбоорунун алкагында 52 миң китеп чогулду
Билим
“Бир адамдан бир китеп” долбоорунун алкагында 52 миң китеп чогулду

“Бир адамдан бир китеп” долбоору Нарында. Китеп дүйнөсүнө чакырган иш-чарага жаштар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Долбоордун максаты - адамдарды китеп окууга чакыруу жана башкалар менен да окуган китеби менен бөлүшүү. Долбоордун алкагында 52 миң китеп чогулуп, өлкө боюнча 69 китепканага берилди. Жемишин берген долбоор муну менен эле чектелбейт. Жакында “Өзүңдү тааны” долбоору ишке кирет. 

Эске салсак, “Бир адамдан бир китеп” долбоору 2019-жылдын башында Бакай Акылбеков жана Эрлан Ысмайыл уулу тарабынан демилгеленип, Нарын облусунда башталган. Азыркы убакта жалпы республиканын коптогон айыл-кыштактарында жана шаарларында студенттер жана жаштар тарабынан ишке ашырылып келүүдө.

“Ооба бул долбоор жемишин берип, өтө чоң иштерди жасап жатат десем жаңылбайм”,- дейт Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков. 

Бул идея мага бала кезимден көп китеп окубагандыктан келип чыкты. Биринчи Нарында башталган”,- дейт  “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун негиздөөчүсү Бакай Акылбеков.