Жаңылыктар
Базар-Коргондо тамакка уулангандардын экөөнүн абалы оор
Ден соолук
Базар-Коргондо тамакка уулангандардын экөөнүн абалы оор

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда тамакка ууланып 6 адам ооруканага түшкөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлининин маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, 19-20-октябрь күндөрү алты адам тамак-ашка уулануунун белгилери менен райондук ооруканага жаткырылган. 

Алар талаада пахта терип жатып, түштөнүүдө колго жабылган салат жешкен. Учурда 11 жаштагы кыз жана 45 жаштагы аял жандандыруу бөлүмүндө. Алардын абалы оор экени айтылууда. Ал эми калган бейтаптардын абалы туруктуу.