Жаңылыктар
"Манас" аэропортунда токтоп турган унаадан адамдын сөөгү табылды
Кырсык
"Манас" аэропортунда токтоп турган унаадан адамдын сөөгү табылды

"Манас" эл аралык аэропортундагы унааларды бекер токтотуучу жайда турган унаанын жүк салуучу бөлүгүнөн адамдын сөөгү табылган. Муну аталган аба майдандын маалымат кызматынан тастыкташты. Милиция билдиргендей, кишинин жоголуп кеткени боюнча анын тууганы тартип сакчыларына кайрылган. 

Укук коргоо органдарынын маалыматына таянсак, сөөк "Манас" аэропортунун аймагындагы унааны бекер токтотуучу жайдан табылган, маркум 39 жашта экендиги маалым болгон. Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында 23-октябрда кечки саат сегиздер чамасында дайынсыз жоголгон адамдын киши колдуу болуп өлтүрүлгөн сөөгү табылган. Аталган факты Жоруктар менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине "адам өлтүрүү" беренеси боюнча катталып, сотко чейинки тергөө амалдары башталды. 

"Учурда аталган кылмыш ишинин бетин ачуу үчүн ИИМдин, ШИИБдин, Чүй облустук жана Сокулук РИИБдин тажрыйбалуу кызматкерлеринен ыкчам тергөө тобу түзүлдү. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды", — деп айтылат маалыматта. 

Ишти тергөө Ички иштер министрлигине берилди.