Жаңылыктар
Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу мыйзамдуу деп табылды
Саясат
Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу мыйзамдуу деп табылды

Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу мыйзамдуу деп табылды. Конституциялык палата мурдагы президенттин тарапташтарынын кайрылуусун карап, анын жыйынтыгын жарыялады.  

Даттануу арызы менен кайрылгандар Атамбаевдин “экс-президент” макамынан ажыратууга жол берген ченемдер мыйзамсыз экенин белгилейт. 

Эске салсак, Парламенттин депутаттык комиссиясы июнь айында мурдагы президент бир катар оор кылмыштарга тиешеси бар болушу мүмкүн деген токтом кабыл алган. Ушул жагдай Атамбаевдин кол тийбестик макамын алып салууга негиз болгон.