Жаңылыктар
Ипотекалык насыянын пайызы төмөндөдү
Экономика
Ипотекалык насыянын пайызы төмөндөдү

Аймактарда ипотекалык насыялоо үчүн каражат көбөйүүдө. Германиянын өнүктүрүү банкы бере турган 35 миллион евронун алгачкы траншы жакынкы күндөрү которулат. Насыя 10 пайыз жылдык үстөк менен 15 жылга берилет.

Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлгөндөн бери 5 миллиард сомдон ашык каражатка 4300дөй ипотекалык насыя берилди. Алар баштапкы төлөмүнө жараша жылдык үстөгү 7-8 пайызды түзөт.