Жаңылыктар
Турдакун Усубалиев - улуттун лидери
Кыргызстан жаңылыктары
Турдакун Усубалиев - улуттун лидери

Бишкекте мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине карата “Мамлекетти башкаруу маселелери: келечекти көрө билүү жана акыйкаттык” деген аталыштагы эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция өткөрүлдү. 

Кыргыз улуттук илимдер академиясы, Бегимаалы Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту, Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фонду, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган иш-чарага белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуу-илимпоздор катышты. 

Ошондой эле саясий жана мамлекеттик ишмердин өрнөктүү өмүрүнө арналган көргөзмө да уюштурулду.