Жаңылыктар
Жалпы республикалык тестирлөө 2016: тартип жана эрежелер
Билим
Жалпы республикалык тестирлөө 2016: тартип жана эрежелер

Билим берүү министрлиги алдыда баштала турган жалпы республикалык тестирлөөнү уюштуруу иштери боюнча маалымат берди. Тестирлөө жылдагыдай эле эки этаптан турат. Биринчи бөлүккө жетишпей калгандар 16-19-май күндөрү кошумча каттоодон өтүп, ал эми 23-24-июнда экинчи этаптын алкагында сынакты тапшырышса болот. 

Жалпы республикалык тесттен өтүүдөгү босого баллы былтыркыдай эле 110 болуп калды. Аны менен катар предметтик тесттерден 60 кем эмес балл топтоо керек.



Мындан сырткары тест учурунда окуучулардын тартиби жана сынактагы жалпы эрежелер мурдагыдай эле катуу сакталат. Тест тапшыруу учурунда уюлдук телефон, калькулятор, планшет сыяктуу электрондук жабдыктарды пайдаланууга тыюу салынат. 

Калем саптан башка табылган бардык нерселер абитуриенттердин сынактан четтеп калуусуна шарт түзүп коюшу мүмкүн. Мындан сырткары тестке кирүүгө кепил болчу документтердин тизмеси жарыяланды. 

Быйыл тестирлөөнү жүргүзүү үчүн өлкө аймагы боюнча 127 тест борбору уюштурулат. Министрликтин адистери тест учурунда, аны акча менен бүтүрүп берүүнү убада кылган алдамчылар жүрүшкөнүн эскертишти. Алар алтын сертификатка чейин убада кылышы мүмкүн, бирок алар куру сөз. Андан көрө ар бир бала өз жөндөмүнө ишенип, билимине жараша тапшырса келечегине да кедергисин тийгизбейт эле дешет.