Президент Сооронбай Жээнбековдун Япониядагы иш сапары жыйынтыкталды. Өлкө башчысы Токио шаарында Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты.
Бул өлкөнүн Премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугушуп, кыргыз-япон кызматташтыгы талкууланды.
Япониянын алдыңкы делген өнөр жай ишканаларынын ишмердиги менен таанышып, Кыргызстанга инвестиция тартуу жолдору каралды.