Жаңылыктар
Кыргызстан реформатор өлкөлөрдүн алдыңкы катарында
Экономика
Кыргызстан реформатор өлкөлөрдүн алдыңкы катарында

"Дуинг Бизнестин" рейтингинде Кыргызстан реформатор өлкөлөрдүн алдыңкы 20 тизмесине кирди. Бул туурасында Дүйнөлүк банктын жылдык баяндамасында жарыяланды.

Баяндама чакан жана орто ишкерчиликти жөнгө салууда нормативдик актыларды баалоонун негизинде жазылган. Документ өзүнө он индикаторду киргизген. Кыргызстан бизнеске киришүүдө өз тартиптерин жакшы жакка өзгөрттү, - деп билдирди Дүйнөлүк банктын Бишкектеги кеңсесинин жетекчиси Болормаа Амгаабазар. 

Анын пикиринде, Кыргызстандын социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда ишкерчилик чөйрөдөгү, тагыраагы жеке секторду жакшыртуудагы реформаларды мындан ары да улантуусу абдан маанилүү.