Жаңылыктар
ЕАЭБ: Бирдиктүү иш алып баруунун маанилүү багыттары талкууланда
Экономика
ЕАЭБ: Бирдиктүү иш алып баруунун маанилүү багыттары талкууланда

Москва - Бишкек - Ереван - Минск - Нур-Султан шаарларынын ортосунда “ЕАЭБ: Бирдиктүү иш алып баруунун маанилүү багыты” аталышындагы видеокөпүрө “Россия сегодня” эл аралык маалымат агенттигинде өттү. Россиянын Мамлекеттик думасынын КМШ, Евразия интеграциясы жана мекендештер менен байланыш иштери боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Константин Затулин, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында, алгач саясий айдыңдагы маселелерди чечип алуу керек экенин белгиледи. Анын пикиринде, өлкөлөр эл аралык деңгээлде дагы бирин-бири колдоосу керек. 

“Экономикага тиешелүү айта турган болсок, ЕАЭБ – бул ар ким каалаганын эле ала бере турган швед столу эмес. Белгиленген эрежелер баарына бирдей тийиштүү экенин эстен чыгарбай, биримдикти чыңдашыбыз керек”, - дейт Затулин. Өз кезегинде Беларустун Улуттук жыйынынын өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Валерий Воронецкий, Затулиндин айткандарына кошулган жок. Воронецкийдин ою боюнча ЕАЭБ саясаттан алыс болгону жакшы. Ал белгилегендей, учурда ар бир өлкө өз көмөчүнө күл тартып жатат. Мындай көрүнүш улана берсе, келечектеги экономикалык биримдик тууралуу айтуу кыйын болуп калат. 

Ал эми Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов, ЕАЭБдин өлкөлөр үчүн маанилүү жактарын белгилеп өттү. Видеокөпүрөдө Кыргызстан менен Арменияга ташылып келген унааларга бажы алымдарынын жеңил тарифинин мөөнөтүн узартуу маселеси да козголду. Эске салсак, 25-октябрда Москва шаарында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны болот.
“Бул нерсе түбөлүк көйгөй өңдүү, стаканда жарым жартылай бир нерсе бар же жарым жартылай бош дегендей. Айтылган ар кандай карама-каршы келген тосмолорду, жолтоо болгон нерселерден арылып, жоюп салгандай болушубуз керек. ЕАЭБдин алкагында бардык тараптарга мүмкүнчүлүктөр бирдей болушу шарт”,- деди Россиянын Мамлекеттик думасынын КМШ, Евразия интеграциясы жана мекендештер менен байланыш иштери боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Константин Затулин. 

Белгилүү болгондой, ушул жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктайт. Биздин өкмөт ташылып келген унааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап туруу боюнча Евразия экономикалык комиссиясына кайрылууга мүмкүнчүлүк бар экенин билдирген эле. Сиздин оюңузча, бул нерсе оң жагына чечилиши мүмкүнбү?

“Дипломатияда бардык нерсени ийри отуруп түз кеңешүү жолу менен чечсе болот. Азыркы учурда бул багытта сүйлөшүүлөр болуп жатат”, - деди Кыргызстандын Россиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов.