Жаңылыктар
Жээнбеков Кувейт Эмиринин кеңешчиси Абдулла Аль Маатукту кабыл алды
Саясат
 Жээнбеков Кувейт Эмиринин кеңешчиси Абдулла Аль Маатукту кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Кувейт Эмиринин кеңешчиси Абдулла Аль Маатукту кабыл алды. Өлкөлөрдүн эки тараптуу кызматташтыгынын азыркы абалы жана келечеги тууралуу пикир алышуу болду. Мамлекет башчысы Кувейт тарапка ар түрдүү долбоорлорду ишке ашыруудагы көмөктөшүүсү жана өлкөдөгү калктын социалдык жактан аярлуу катмарын колдоо боюнча кайрымдуулук ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Президент Кыргызстан Кувейт менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Биргелешкен кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары катары аймактык өнүктүрүү, айыл чарба, санариптештирүү, социалдык объектилерди куруу жана туризм тармактарын атады. Кувейт Эмиринин кеңешчиси Мамлекет башчысына жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирди. Кыргызстандын калкынын бакубатчылыгын жогорулатуу үчүн мындан ары да социалдык колдоо көрсөтүүгө даярдыктарын билдирди. Ал Кувейт тарап Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө кызыкдар экенин айтты.