Жаңылыктар
ЖЭБ боюнча сот: Сапар Исаков сотко алып келинет
Кыргызстан жаңылыктары
ЖЭБ боюнча сот: Сапар Исаков сотко алып келинет

Сапар Исаков сотко мажбурлап алып келинет. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы кабарлады. ЖЭБди модернизациялоодогу коррупцияга айыпталган мурдагы өкмөт башчысы сот отурумуна келбегенине байланыштуу, аны кийинки отурумга мажбурлап алып келүү чечими кабыл алынды. 

Жылуулук электр борборун жаңылоодогу жемкорлукка айыпталгандардын иши Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат. Кийинки отурум 28-октябрга белгиленди.