Жаңылыктар
Токтогул ГЭСин реконструкциялоо ишинин экинчи фазасы башталды
Аймак
Токтогул ГЭСин реконструкциялоо ишинин экинчи фазасы башталды

Токтогул ГЭСин реконструкциялоо иштеринин экинчи фазасы башталды. Бул баскычта ГЭСте дагы бир топ техникалык жаңылоолор болот. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын техникалык директору Таалайбек Бектенов билдирди. Анын айтымында учурда Токтогул ГЭСин реконструкциялоонун биринчи фазасы аяктап, электр энергия менен туруктуу жана үзгүлтүксүз камсыздоо жогорулады. 

Токтогул ГЭСин реконструкциялоонун биринчи баскычында төрт энергетикалык блокто тең негизги электр-механикалык жабдуулар - күч трансформаторлору жана кабелдик чубалгылар, көмөкчү энергетикалык жабдуулар алмаштырылды. Токтогул ГЭСин реконструкциялоо 2023-жылы аяктайт. Модернизациянын 3 фазасы тең бүткөрүлсө ГЭСтин кубаттуулугу 240 МегаВаттка көбөйүп, пайдалануу мөөнөтү 40 жылга чейин узарат.