Жаңылыктар
Уйгакты уй гана жейт дегендер жаңылышат
Айыл чарба
Уйгакты уй гана жейт дегендер жаңылышат

Кыргызстандык дыйкандар отоп бүтө албай тажаган уйгак өсүмдүгүн келечекте көбүрөөк айдап, ал гана эмес атайын өстүрүп калышы да мүмкүн. Балким аны азыркы картошка менен төө буурчактын наркынан да жогору сатса болот. 

Кыргызстандын кайсыл аймагы болбосун уйгакты түбү менен омкоруп, жогото албагандар көп. Айрым учурда жалбырактары дарычылыкка гана колдонбосо тамыры желбейт. Теги Япониялык уйгактын уругу болсо сыноо иретинде Кыргызстанга ташылып келген. Былтыр Сокулук районунда өстүрүлүп, жергиликтүү шартта жакшы өсүп кетээри далилденди. Бизде өскөн уйгактын даамы кычкыл келсе, Япониялык уйгак жүздөгөн жылдан бери айыл чарба өсүмдүгү катары атайын өстүрүлүп, даамы таттуу келет экен.
 Кытай, Корея, Япония өлкөлөрүндө тамыры таттуу уйгакты күнүмдүк тамак-ашка көп колдонушат. Муну атайын айдоо аянтына өстүрүп сатып акча тапкандар бар. Андай кенен жер аянты жоктор уйгакты үйдүн алдына гүл сыяктуу өстүрүп, тамшанып, кастарлап жешет. 3 баш тамыры бириктирилип сатылганда болжол менен биздин акча менен салыштырып айтканда 150 сом турат экен. Сабиз сыяктуу негизинен тамыры гана колдонулуп, андан түрдүү салаттар менен куурулган тамактар жасалат. Адистердин айтымында ашказандагы тамак сиңирүүнү жакшыртып, ички органдарга абдан пайдалуу экен.
Jika уюмунун долбоору Кыргызстанда дагы 3 жыл иштейт. Эгер Кыргызстанда өскөн жаңы уйгактын тамырына суроо талап көбөйүп, кардар келе баштаса төө буурчак менен картошкасын сата албай жаткан дыйкандардын маанайы ачылып, муну бат эле өздөштүрүп кетмек. Тамырын эмес үрөнүн алып кетебиз десе деле оңбогондой киреше түшмөк. Анткени адистердин айтымында экологиялык жактан таза аймакта өскөн мыкты уруктун бир килограмм баасы оңой эмес киреше экен.
 Албетте эми мекендештерибиз уйгак жеп калсын дегенден алыспыз. Бирок фермерлер жаңы өсүмдүктү өстүргөндү үйрөнүп алса, ашыкча болбойт. Азыркыдай ааламдашуу доорунда суроо талап өсүп, океандын ары жагында өндүрүлгөн азыктар кыргызстанга оңой эле жетип турган учуру. Балким экологиялык жактан таза аймакта өстүрүлгөн деп дал ушул уйгакты сатып алыш үчүн алыстан ишкерлер келиши мүмкүн.