Жаңылыктар
Базар-Коргон районунда уулангандардын экөө жандандыруу бөлүмүндө
Ден соолук
Базар-Коргон районунда уулангандардын экөө жандандыруу бөлүмүндө

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда тамак-ашка ууланып, ооруканага түшкөн он адамдын арасынан 11 жаштагы кыз менен 66 жаштагы аял өзүнө келе элек. Алар жандандыруу бөлүмүндө, атайын аппараттын жардамы менен жасалма дем алдырылууда. 

Дарыгерлер алардын ден соолугуна күнү-түнү көз салышууда. Алар талаада пахта терип жүрүп, түштөнүү убагында үй шартында жабылган салат жешкен. Андан соң, өздөрүн жаман сезип, 19-20-октябрда дарыгерге кайрылышкан. 

Сегиз киши Базар-Коргон райондук ооруканасына, экөө Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына жаткырылган. Былтыр да ушул эле райондо алты адам ботулизмге чалдыккан.