Жаңылыктар
Казакстанга киргизүүгө убактылуу тыюу салынган картошканын маселеси
Экономика
Казакстанга киргизүүгө убактылуу тыюу салынган картошканын маселеси

Өткөн апта соңунда Казакстан өз аймагына Кыргызстандын картошкасын убактылуу киргизбей туруу чечимин кабыл алды. Буга байланыштуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. 

Казакстандын айыл чарба министрлиги 4-майда, Кыргызстандан алтын түстүү нематода аттуу илдетке чалдыккан картошка келип жатат деген жүйөө менен, кыргыз картошкасына убактылуу чектөө киргизүү чечимин чыгарган. 

Казак тараптын билдирүүсүндө жыл башынан бери мындай илдет менен келген картошканын 79 учуру катталып, жыйынтыгында миң тоннадай картошка артка кайтарылган. Өкмөт башчы бүгүн окуянын-чоо жайын билүү максатында тиешелүү тараптарды чогултуп, картошканын айланасында болуп жаткан маселе тез аранын ичинде чечилиш керектигин белгиледи.

Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын маалыматында , казак тараптан жыл башында картошка илдети боюнча бир-эки жолу гана нота келген. Ал боюнча тийиштүү чаралар көрүлүп, бүгүнкү күндө картошка лабораториялык текшерүүнүн жыйынтыгы менен гана коңшу өлкөгө жөнөтүлүп жатат.
Кыргызстандын мамлекеттик Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясы болсо күзгө чейин абалды жөнгө салууга убакыт бар экендигин айтууда. Коңшу өлкөлөр тарабынан ар кандай шылтоолорго жол бербөө үчүн лабораторияларды көбөйтүп, күчтөндүрүү жагы чечилет.

Руслан Бейшенкулов, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын директорунун орун басары

“Бул тууралуу маселени биз дыкат иликтеп, тактап жатабыз. Эртең биз тараптан казак тарапка делегация учуп барып, жеринен текшергенге аракет кылып жатабыз. Бизге өкмөт башчы тарабынан тапшырма түштү, эми конкретүү иштерди жүргүзүү боюнча иш башталды”.
Жогоруда айтылган жаткан алтын түстүү немотода илдети картошканы ичтен чиритип, суулантып, жараксыз абалга алып келет. Лаборатория адистеринин айтымында, өсүмдүктүн бул оорусу түшүмдүүлүкө гана зыянын тийгизбесе, адам өмүрүнө эч кандай коркунуч алып келбейт.

Ал ортодо азык-түлүктү дүңүнөн саткан базарларда картошканын өтүмдүүлүгү күч алды. Казак тараптын чек арадан өткөрүүгө тыйуу салганына карабай, казак ишкерлери өзүлөрү кыргыз базарларына келип, картошканы алып кетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп кетүүдө. Кыргызстан жылына орточо бир миллион тоннадан ашык картошка өндүрөт. Анын басымдуу бөлүгү Казакстанга экспорттолот.