Жаңылыктар
Бүгүн Москвада ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт
Экономика
Бүгүн Москвада ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт

Бүгүн, Москвада КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин жана ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму өтөт. Күн тартибинде 15 маселе каралат. Жыйындын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлаары күтүлүүдө. 

Жыйынга Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев катышат. Премьер-министр мындан сырткары, Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсү комплексиндеги Кыргызстандын күркөсүнө барып, андагы курулуш иштери менен таанышат.