Жаңылыктар
Кол өнөрчүлөр «Ысык-Көл боз үйдүн мекени» сынагына катышууда
Маданият
Кол өнөрчүлөр «Ысык-Көл боз үйдүн мекени» сынагына катышууда

Тоӊ районунун Кызыл-Туу айылынын жашоочулары «Ысык-Көл боз үйдүн мекени» дүйнөлүк сынагына катышууда. Анда жергиликтүү жашоочулар чет мамлекеттен келген конокторго кийиз дүйнөсү, жыгач жабдыктар боюнча бир катар мастер-класстарды көргөзүштү. Боз үйдүн мекени деген атакка конгон Тон районуна Кувейт, Австралия жана Индиядан келген дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеӊешинин мүчөлөрү боз-үй жасалгалары менен жеринен таанышып кетти. 

Боз үйдүн мекени деп таанылган Тоӊ районунун Кызыл-Туу айылынын тургундары дүйнөлүк сынакка катышып, дүйнө жүзү боюнча «Ысык-Көл боз үйдүн мекени» наамын алууга болгон аракетин жумшап жатышат.  Анын алкагында Азия жана Тынч океан аймактары боюнча келген кол өнөрчүлөр кеӊештин мүчөлөрүнө боз үй жасалгаларын таныштырды.

Кызыл-Туунун кыз-келиндери болсо Индия, Австралия жана Кувейттен келген калыстар тобунун мүчөлөрүнө боз үйдүн ички жасалгасы, өрмөк, кийиздин түрлөрү жана жип ийримдеринин сапаты, нукуралуулугу боюнча мастер-класс өткөрүштү. 

Андан соӊ, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тез арада боз үй-тигүү рекордун жаӊылап келген Кызыл-Туу айылынын жигиттери өнөрлөрүн көрсөтүшүп, калыстар тобунун бүйүрүн кызытты. Сап башында турган Алыбек Асангулов бул ата-бабадан келе жаткан салт экендигин айтат. 

Мындай иш-аракеттери менен жергиликтүү кол өнөрчүлөр «Ысык-Көл боз үйдүн мекени» наамын алууну максат кылышууда. Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеӊешине мүчө болгон кыргызстандыктар уюштуруу иштерин колго алган. 

Кызыл-Туу айылына «Ысык-Көл боз үйдүн мекени» дүйнөлүк наамы ыйгарылса, алардын социалдык- экономикалык өнүгүүсүнө да чоң түрткү болмок дешет адистер. Кыргыздын боз үйү, андагы накталай баалуулуктардын кадыр - баркы артып, унутта калбай келечек муунга өрнөк болуп калат эле дейт айылдын тургуну Төлөсүн Бектемиров. 

Наам берүү боюнча чет элден келген калыстар тобунун мүчөлөрү азырынча чечим чыкпай тургандыгын билдиришет. Бул иштер дагы дүйнөлүк денгээлдеги 6 баскычтан турган калыстардын тандоосуна коюлат. Оозеки жактоолор, тартылган видео материалдар көрсөтүлгөн соң, гана атайын комиссиянын добушу менен чечилет дейт комиссия мүчөсү  Уша Кришня

Белгилей кетсек, Тоӊ районунун Кызыл-Туу айылынын тургундары 50 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Бүгүнкү күндө элеттеги 350 түтүндүн 90 пайызы боз үй жасап киреше табат.

Гүлжамал Асанкадырова,  «Биринчи радио»