Жаңылыктар
Н.Түлеев келтирилген зыянды төлөп, абактан чыкты
Коррупция
Н.Түлеев келтирилген зыянды төлөп, абактан чыкты

Бишкек шаарынын экс-мэри  Нариман Түлеевдин   мамлекетке келтирген  61 миллион сомдук  зыянды  төлөп, абактан   бошотулгандыгы анын  күнөөсүн  мойнуна  алгандыгын түшүндүрөт.  Мындай көрүнүш капиталисттик өлкөлөргө мүнөздүү, бул  мамлекеттерде     кылмыштуу жол менен келген  каражаттардын  казынага   мыйзамдуу түрдө  кайтарылып берилиши менен  курулган дешет талдоочулар.   Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Түлеев мамлекеттик казынага  61 миллион сомду кайтарып, боштондукка  7-май күнү  чыккан  жана   ага карата эки мунапыс колдонулгандыгын билдиришкен  болчу. Мурунку  шаар башчы   коррупцияга катыштыгы  бар, кызматынан кыянаттык менен  пайдаланган  деген  айыптар  менен   2013-жылдын  29-июлунда   соттолгон.

Түлеев Бишкек  шаарынын башчысы  болуп турган мезгилинде  Кытайдан алып келген 200 автобуска ашыкча чыгым жасап, мамлекетке миллиондогон чыгымдарды келтирген деп айыпталган. Мындан сырткары,  таштанды  унааларын  сатып алууда мыйзамсыз келишимдерди түзгөн, бала бакчаны сатып жиберген деген айыптар тагылган. Прокурорлор Түлеев жана дагы мэриядагы  беш кишиге “шылуундук кылган” деген беренелер менен  он беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын сураган эле. 2013-жылы  29-июлда   Ленин райондук соту   коюлган  айыптоолорду  негиздеп, Түлеевди мүлкүн  конфискациялоо  менен 11-жылга эркинен ажыраткан. Арадан  3 жылдай убакыт ичинде   анын иши эки ирет мунапыска дал келип,  экс мэр  сот тарабынан келтирилген чыгымды  толугу менен төлөгөн соң эркиндикке чыкты.

“Түлеев мамлекеттин  казынасына  өтө чоң  өлчөмдөгү  зыян  келтирип,  сот жообуна тартылып  эркиндигинен  ажыратылгандан кийин, келтирген зыянды  толугу менен төлөп бериши  анын күнөөсүн  мойнуна  алгандыгы”- деп билдирген  талдоочу Марс Сариев, мыйзам боюнча  экономикалык кылмыштардын   өлкө казынасына  тийгизген  олуттуу  зыяндары  кайтарылса,  аны жасаган  кылмышкер  боштондукка чыгат.  Криминалдык жол менен  байлык  топтогон  батыш  мамлекеттеринин  миллиардерлери  дал   ушундай жол менен  атагы  алыска кеткен,- дейт ал.

Ал эми Жогорку Кеңештин  5-чакырылышында бюджет жана финансы комитетинин  мүчөсү,  депутат Курманбек Дыйканбаевдин пикиринде, эл аралык тажрыйбада  экономикалык кылмыш  менен соттолгон  жарандар  келтирген  зыянды төлөп берсе боштондукка  чыгат. Европада  ал турсун  айыпкер  соттолгонго   чейин мүмкүнчүлүгү  болсо  тиешелүү сумманы күрөөгө коюп, соттун чечими чыкканга чейин   эркиндикте  жүрсө болору жазылган.

 

Белгилей  кетсек,  Нариман  Түлеев 2013-жылы коррупциялык иштер боюнча айыпталып, Ленин райондук сотунун чеичими менен 11 жылга эркинен ажыратылган. Мындан  сырткары, экс-мэрдин үй-мүлкү конфискацияланып, өзү күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөмөй болуп,  ал  3 жыл мамлекеттик кызматтарда иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган. 

Түлеев 2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталып, 2012-жылдын октябрь айында камакка алынган. Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу үчүн Нариман Түлеев шаардык сотко кайрылган, бирок 2014-жылы 23-декабрда шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырып, өзгөртүү киргизген эмес. 

Ал эми 2015-жылы 21-январында Жогорку Кеңештеги "Ата Журт" фракциясынын депутаты Нариман Түлеев мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратылган. Белгилей кетсек,   Кыргызстанда экономикалык кылмыш кылган 50 адамдын Интерполдо тизмеси бар. Алардын көч башында Николай Танаев, Максим Бакиев,  Алексей Ширшов, Хусеин Маянху жана Елена Белковскаянын Интерполдо  тизмеси бар. 


Г.Каражанова, “Биринчи радио”

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!

WhatsApp +996551748118