Жаңылыктар
Бишкекте "Географиялык жат жазуу" аталган акция өттү
Билим
Бишкекте "Географиялык жат жазуу" аталган акция өттү

27-октябрда борбор калаадагы Антон Чехов атындагы билим берүү мекемесинде "Географиялык жат жазуу" деп аталган эл аралык акция болуп өттү. Аталган акцияга катышуучулардын жаш курагына чектөө коюлган эмес. Өз билимин сынаш үчүн шаардагы бир канча мектептин окуучулары, улуу муундагы адамдар жана жаштар катышты. 

Жалпысынан 70ден ашык адам жат жазуу жазды. Уюштуруучулардын айтымында, келечекте мындай акциялар өткөрүлүп турат. Андан сырткары, "Географиялык жат жазуу" акциясын гана эмес, бир катар агартуучулук иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда.

"Бул жылы Орусия кызматташтыгы иш-чарага катышып жана бул эл аралык акцияны өткөрүү үчүн аянтча болууну сунуштады. Бүгүн биздин мектепке “Географиялык жат жазуу” акциясына бардык каалоочулар келип жатышат. Ошондой эле, бул жат жазуунун максаты - Россиянын, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн географиясы боюнча билимди жайылтуу",- деди А.Чехов атындагы мектептин директору Наталья Копаница.