Жаңылыктар
УКМК: издөөдөгү эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды
Кылмыш
УКМК: издөөдөгү эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 18-октябрында УКМК тарабынан ИИМ менен биргеликте өлкө аймагына кирүүгө тыюу салынган  эл аралык террористтик уюмдардын (ЭТУ) катарына  рекруттарды жөнөтүү каналдарына бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында 1994-жылы туулган Кыргызстандын жараны Д.А. кармалды.

Такталган боюнча, кармалган Д.А. эл аралык террористтик уюмдун лагеринен атайы диверсиялык-террористиик даярдыктан өтүп жана башчысынын тапшырмасы боюнча террористтик иш-аракеттерди аткаруу максатында Кыргызстандын аймагына келген.

2016-жылдан бери аталган жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Жалданмачылык” беренеси боюнча издөөдө жүргөн. Кармалган адам Жалал-Абад шаарынын ОИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.