Жаңылыктар
Жалал-Абад: жүздөн ашык үйдү суу каптады
Өзгөчө кырдаал
Жалал-Абад: жүздөн ашык үйдү суу каптады

Жалал-Абад обулусунун Базар-Коргон районундагы Ооган-Талаа айылында дагы сел жүрүп, агыны катуу келген суу ички арыктарга батпай жүздөн ашык турак үйдүн короосун каптады. 

Мындан сырткары селдин агымы үч турак-үйдүн ичине да кирген. Учурда бул үч үйдүн жашоочулары убактылуу башка жайга көчүрүлдү. 

Селдин жүрүшү нөшөрлөп тынбай жааган жамгырдан улам болду. Жалпысынан Ооган-Талаа айылында 465 кожолук бар. Учурда райондун жарандык коргонуу комиссиясы жагдайды жеринен иликтеп тактап, тазалоо иштерин жүргүзүшүүдө.