Кытайда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Силкинүү Ысык-Көл облусунда да сезилген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Кытайдын аймагында катталып, очогунда күчү 5 баллга жеткен.
«Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок», - деп айтылат маалыматта.