Жаңылыктар
Айыл чарба азыктарынын жарманкеси өттү
Айыл чарба
Айыл чарба азыктарынын жарманкеси өттү

Бишкек шаарынын Свердлов районун тургундары фермерлердин продукциясын Токтогул менен Төрөкул Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде жайылган жарманкеден сатып алса болот. Мында жашылча, мөмө-жемиштен тарта, бал, козу карын азыктарына чейин бар.

Аман Мамаев айыл чарба жарманкесине Ысык-Көл облусунан келди. 2 гектар жерде төрт түрдүү алма өстүрөт. Анын ичинен ак алманын өзгөчөлүгүнө токтолду.

Мындай айыл чарба азыктарынын жарманкелери Бишкек шаарынын төрт районунда өтүүдө. Максат - шаардыктарды арзан продукция менен камсыздоо болсо, экинчиден фермерлерге азыктарын сатууга көмөктөшүү болуу.

Айнагүл Рысмендеева экологиялык таза жашылча өстүрүүнү 2014-жылы Ысык-Көл облусунун Теплоключенка айыл аймагында баштаган. Азыр ал жакта органикалык азыкты өстүргөн дыйкандардын кооперативи түзүлдү.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда органиказык азыктарды өстүргөн төрт бирикме бар. Ысык-Көлдө эки, Баткенде жана Жалал-Абадда бирден фермерлердин бирикмелери ачылган. Негизги максат калктын саламаттыгын сактоо болуп саналат.

Шаардын төрт районунда айыл чарба жарманкелери жума күнү башталып, жекшемби күндүн аягына чейин уланат. Суукка чейин шаар тургундары арзан баада экологиялык таза жашылчаларды сатып алат.