Жаңылыктар
Кыргыз-казак: картошка "чуусунун" себеби такталууда
Экономика
Кыргыз-казак: картошка "чуусунун" себеби такталууда

Бүгүн  тиешелүү адистер тобу казак тарап менен картошканы экспортоого карата тыюу салууга негиз болгон фактыларды аныктоо  үчүн Астанага барышат. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда адистер тарабынан картошканы Казакстанга экспорттоого карата киргизилген тыюу салуунун негиздемелери иликтенүүдө. Ал арада өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков  маселени тез арада чечүү тууралуу атайын жумушчу жыйын өткөрдү.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун  белгилөөсү боюнча  Казакстан тарап  атамекендик картошканы экспортоого карата тыюу салуу тууралуу буга чейин кайрылуу жасашканы менен маселеге өз убагында жетиштүү денгээлде көңүл бурулбай калган. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу менен  айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөр интеграциялык уюмга  мүчө-өлкөлөрдүн рыногуна кеңири мүмкүндүктөр ачылаарына үмүттөнүшкөн. Бирок азыркыга чейин  алар өндүрүлгөн продукциясын ири базарга чыгарууда  тоскоолдуктарга туш  болуп жатат.

Өкмөт башчы  картошканы экспорттого байланыштуу абалды тез арада чечүү иретинде казак тарап менен сүйлөшүүлөрдү жандантууну тапшырды. Өз кезегинде  вице-премьер-министр Олег Панкратов,  ЕАЭБ нормаларына ылайык, тыюу салуу үчүн олуттуу негиздемелер болуусу зарылдыгын айтып, маселе адистер тарабынан иликтенип жатканын маалымдады.

“Учурда  адистер тарабынан картошканы Казакстанга экспорттоого карата киргизилген тыю  салуунун негиздемелери иликтенүүдө. Ыйгарым укуктуу органдар казак тарап  менен  кеңешмелерди жүргүзүп жатышат.  Атамекендик картошканы экспортоого карата тыюу салууну тез арада алып салуу  үчүн бир катар чаралар кабыл алынат”.

Ал эми Фитосанитардык көзөмөл башкармалыгынын директору Таалайбек Айткуловдун билдирүүсү боюнча Казакстандын аймагына атамекендик картошканы киргизүүгө расмий тыюу салуусу  келип түшө элек. Бирок иш жүзүндө тыюу салуу орун алууда. Анын айтымында,  маселени тез арада чечүү максатында атайын адистер Астанага барышат.

Таалайбек Айткуловдун  божомолу боюнча Казак тарап  быйыл картошканы көп өстүргөндүктөн өз рыногун коргоо максатында ушундай кадамга барышы ыктымал.Ал арада жергиликтүү серепчилер дагы бул пикирди колдошууда. Экономика илимдеринин доктору Шайлообек Мусакожоевдин баамында, мындай майда маселелерди  Евразиялык экономикалык биримдиги түзгөн өкүлдөрүнүн эле өз ара чечип коюуга кудирети жетмек.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери  Казакстандын аймагына бир жарым миң  тоннага чукул  картошка экспорттолгон, ал эми 113 тоннасы айтылып жаткан ылаңдын  табылышы себептүү артка кайтарылган. Картошкадагы аталган ылаң тактап айтканда, нематода түшүмдүүлүккө таасирин тийгизгени менен адамдын ден-соолугуна жана өмүрүнө кооптуу деп саналбайт-дешет адистер.

М.Абдраманова, “Биринчи  радио”

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!

WhatsApp +996551748118