Жаңылыктар
Арстанбап-Ата айыл аймагынын көчөлөрү жарыктандырылууда
Аймак
Арстанбап-Ата айыл аймагынын көчөлөрү  жарыктандырылууда

POST1RIGHT

Арстанбап-Ата айыл аймагынын негизги көчөсүнүн 7 жарым чакырым аралыгына түнкүсүн жарык берүүчү чырактар орнотулууда. Буга чейин жолго коюлган чырактар эски үлгүдө болуп, жакшы жарык берчү эмес. Айыл өкмөтү жаңылоо иштерин жүргүзүүнү колго алып, жергиликтүү бюджеттен 520 миң сом бөлгөн. Азыр орнотулуп жаткан чырактар заман талабына жоп берет. Жарык берүүсү жакшы. Электр энергиясына да үнөмдүү. Буга чейин айыл аймактын чакан көчөлөрүндө жарыктандыруу иштери болгон. Белгилей кетсек, Арстанбап-Ата туристтер көп келген аймак.

Биздин аймакка жайы-кышы турист келет. Аларга да ыңгалуу шарт түзүү максатында негизги жолду жарыктандырып жатабыз. Кышында эрте эле караңгы түшүп, кеч таң атат. Ошондо элге да, туристке да керек болот экен”,- дейт Арстанбап-Ата айыл аймагынын башчысынын орун басары Барпы Кыпчаков. 

“Биз коопсуз көчөдө басып калабыз деп сүйүнүп турабыз. Түнү жолдор жарык болсо жакшыда. Уурулук азайып, коркпой, ээн-эркин жүрөсүң. Бизге конок көп келет. Жолдо унаа тынбайт”,- дейт Арстанбап-Ата айыл аймагынын тургуну Кахаржан Абдубалиева.