POST1RIGHT
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 2020-жылы өтө турган шайлоолорго өзгөчө аялдар даярдык көрө баштагандыгы белгилүү. Буга байланыштуу Аялдарды колдоо борбору коомдук бирикмеси «Өкмөттү колдоо» программасынын алкагында айымдарга атайын окутууларды өткөрүп, шайлоо мыйзамдары, аялдардын саясаттагы орду боюнча маалымат берип жатышат. Долбоордун алкагында 2020-жылы депутат болом деген аялдардын маалымат базасы түзүлмөкчү.
Белгилей кетсек, 2020-жылы өлкөдө Парламенттик жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өткөрүлөт.
Гулнура Сманбекова, "Биринчи радио"