Жаңылыктар
“Кепилдик фонду” аймактардагы ишкерликке колдоо көрсөтүүнү улантат
Кыргызстан жаңылыктары
“Кепилдик фонду” аймактардагы ишкерликке колдоо көрсөтүүнү улантат

Буга чейин өлкө дубандарында 43 долбоор үчүн кепилдик берилсе, келээрки жылы алардын санын жүз жыйырмага жеткирүү максат кылынып жатат. Насыя алууну каалаган ишкерлердин күрөөгө коё турган мүлкүнүн наркы талапка жооп бербесе, аталган фонд көмөк көрсөтөт. Кант шаарына жакын жайгашкан сүт заводу учурда айран менен каймак даярдайт. Жыйырмадай жумушчу эмгектенген элеттеги ишкананын өндүргөн продукциясынын көлөмү улам көбөйүүдө. Ишкана эми сүт азыктарынын башка түрлөрүн да өндүрө баштайт. 

Сыр чыгаруучу жабдууну сатып алууда насыя алууга туура келген. Ал үчүн “Кепилдик фонду” ишкерге көмөк көрсөттү. “Кепилдик фонду” түзүлгөн 2016-жылдан бери каражаттын алтымыш пайызы аймактарга жумшалган. Өлкөнүн ар бир районунда натыйжалуу долбоорлорго көмөк көрсөтүү боюнча атайын программа иштелип чыккан. Ага келээрки жылы өзгөчө көңүл бурулат. Кепилдик берүүдө агроөнөр жайы менен кайра иштетүүгө, тигүү тармагына, товарын экспортко алып чыккан ишканаларга жана аймактардын инфратүзүмүн жакшырта турган долбоорлорго артыкчылык каралган. Учурда мекеме ишкер чөйрөнүн айрым өкүлдөрүнө бизнес план даярдоого да жардам берет.