Жаңылыктар
Өлкөнүн аудит тутумун жакшыртуу чаралары талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөнүн аудит тутумун жакшыртуу чаралары талкууланды

Президент Сооронбай Жээнбеков Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алды. Жолугушууда 9 айдын аудитордук иш-чараларынын натыйжалары, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча мамлекеттик финансы каражаттарын калыбына келтирүү иштери тууралуу маалымат угулуп, улуттук аудит системасын жакшыртуу боюнча чаралар талкууланды. Мамлекет башчы улуттук жана мамлекеттик программаларды натыйжалуу ишке ашыруу максатында конкреттүү объектке байланып аудит өткөрүүдөн алыстап, тематикалык аудиттерди өткөрүүгө өтүү керектигин белгиледи. Ошондой эле, социалдык, өзгөчө саламаттыкты сактоо тармагына бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча көзөмөлдү күчөтүүнүн өзгөчө маанисине токтолду.

Президент Эсептөө палатасы стратегиялык аудитке өтүп, анын аналитикалык функциялары жана колдонуу ыкмаларын усулдук жагына басым жасоо менен ишке ашыруу керектигин белгиледи.

Эсептөө палатасынын төрагасы берилген тапшырмага ылайык ачык-айкын иш жүргүзүүнү жогорулатуу боюнча мамлекеттик аудиттин заманбап санарип технологияларын киргизүүдө активдүү иштер жасалып жатканына токтолду. Эсептөө палатасынын операциялык иштерин автоматташтыруу, аралыктан текшерүү ыкмаларын өнүктүрүү, санарип инфраструктурасынын негизинде калк менен байланыш механизмин киргизүү жүргүзүлүп жатканын айтты. 

Ал бюджеттик мекемелерди, өлкө аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын негизсиз текшерүүнү азайтуу боюнча укук коргоо органдары менен тыгыз иш жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады. Улукбек Марипов өз түзүмүндө таза эмес кызматкерлерди аныктап, алардан тазалануу боюнча системалуу иш жүргүзүлүп жатканын белгиледи.