Жаңылыктар
Борбор калаага жылуулук 1-ноябрдан баштап берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаага жылуулук 1-ноябрдан баштап берилет

Борбор калаага жылуулук 1-ноябрдан баштап берилет. Бул туурасында бүгүн, мэрияда өткөн жыйында белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жылытуу мезгилине Бишкек жылуулук борбору 100% даяр. Адегенде жылуулук социалдык мекемелерге берилет. Андан кийин турак жайларга жана ишканаларга өткөрүлөт. Буга чейин мэрия шаардыктарга жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча кайрылган. Ошондой эле, кеңешмеде мектеп, бала-бакча куруу, окуучулардын тамактануусун жакшыртуу, жер тилкелерин каттоо, унаа токтоотуучу мыйзамсыз жайларды алып салуу жана жолдордогу тыгын маселеси талкууланды.

“Аба ырайынын температурасынын төмөндөшүнө байланыштуу жылуулук маселеси боюнча көп кайрылуулар болду”,- дейт вице-мэр Мирлан Амантуров.