Жаңылыктар
Кыргызстан Композиторлор союзуна 80 жыл толду
Маданият
Кыргызстан Композиторлор союзуна 80 жыл толду

Кыргызстан Композиторлор союзуна 80 жыл толду. Ага арналган салтанаттуу маараке улуттук филармонияда Асанкан Жумакматов атындагы симфониялык оркестрдин, хор жана солисттердин катышуусу менен өттү. Композиторлор союзунун мүчөлөрү тасмада, музыкада, балдар үчүн чыгармаларды жаратууда, музыкалык мектеп, орто жана жогорку окуу жайларынын педагогикалык репертуарын толуктоодо эмгеги эбегейсиз. 

Эске салсак, өлкөдө композиторлор союзу 1939-жылы түзүлгөн. Анын алгачкы мүчөлөрү Абдылас Малдыбаев, Пётр Шубин, Владимир Власов, Мураталы Күрөңкеев, Карамолдо Орозов, Атай Огонбаев, Ыбырай Туманов болгон.

“Композиторлор союзунун 80 жылдык мааракеси болуп, биз аябай кубанычтабыз. Маданиятка зор салымын кошкон биздин композиторлор, агайлар, устаттар бар болушсун, анткени чыныгы композиторлор жылдан жылга азайып, ичти күйүтөт. Өткөндөр унутулбайт, алардын чыгармалары ар бир кыргыздын жүрөгүндө. Маданияттын туу чокусун көрсөткөн дал ошол адамдар”,- дейт композитор Түгөлбай Казаков.