Жаңылыктар
Жээнбеков Режеп Тайып Эрдоганды Түркия күнү менен куттуктады
Саясат
Жээнбеков Режеп Тайып Эрдоганды Түркия күнү менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоганды Түркия Республикасынын күнү менен куттуктады. 

"Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизди Түркиянын Улуттук майрамы - Түркия Республикасынын күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык кызматташтыкка жана ишенимге негизделген мамилелерибиз боордош элдерибиздин бакубаттыгы үчүн мындан ары да өнүгө берет деп терең ишенем. Эки тараптуу кызматташуунун өнүгүүсүнө жеке салымыңызды кошуп, колдоо көрсөтүп жатканыңызга зор ыраазычылык билдирем", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында. 

Президент Режеп Тайып Эрдоганга жана анын үй-бүлөсүнө бекем ден соолук, бакыт-таалай, ишине ийгилик, ал эми бир тууган Түркия элине тынчтыкты жана өнүгүүнү каалады.