Жаңылыктар
Кыргызстан-Британия: парламенттер аралык кызматташтык талкууланды
Саясат
Кыргызстан-Британия: парламенттер аралык кызматташтык талкууланды

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретти кабыл алды. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы, парламенттер аралык кызматташтык маселелери талкууланды. 

Төрага алгач элчини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, мамлекеттер аралык байланыштарды кеңейтүүгө салым кошооруна үмүт артарын билдирди. Андан тышкары, Кыргызстандагы жаңыланууларга токтолуп: “Биз адам укугун жана мыйзам үстөмдүгүн жактаган парламенттик-демократиялык башкаруу багытын тандап алдык. Андыктан бул жаатта тажрыйбасы мол Улуу Британия менен кызматташууга кызыкдарбыз”, - деди.