Жаңылыктар
Бишкекте Европа тасмаларынын фестивалы башталды
Маданият
Бишкекте Европа тасмаларынын фестивалы башталды

“Ала-Тоо” кинотеатрында Европа тасмаларынын фестивалы башталды. Анын алкагында жергиликтүүлөрдө көптөгөн чет элдик режиссёрлордун тасмалары менен таанышуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. 

Маданий иш-чаранын ачылыш аземине Европа биримдигинин өкүлү Эдуард Ауэровдон сырткары Австрия, Бельгия, Германия, Франция, Италия , Испания ,Словакия жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү катышты. Ал эми ардактуу конок катары Болот Шамшиев чакырылды. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков өлкөдө Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгы белгиленип жатканын , актёр бир канча жолу эл аралык кинофестивалдарга катышканын айтты. 

Ошондой эле, Евробиримдик уюштуруп жаткан маданий иш-чара достук мамилени арттырат деген ишенимин билдирди. Кинофорумда көрүүчүлөргө 11 өлкөнүн тасмалары тартууланат. Алардын ичинде эл аралык деңгээлдеги сыйлыкка татыгандары да бар. Бардык тасмалар орус тилинде котормосу менен көрсөтүлөт. Кирүү акысыз.