Жаңылыктар
Ноокендин Сай-Бою айыл эли таза суу менен камсыз болот
Аймак
Ноокендин Сай-Бою айыл эли таза суу менен камсыз болот

Ноокен районунун Сай-Бою айылынын эли таза суу менен камсыз болот. Суу куурлары ар бир үйдүн короосуна чейин кирип, эсептегичтер коюлат. Быйыл башталган долбоор келээрки жылы аягына чыкса, аталган айылдын 250 кожолугу ичүүчү суу көйгөйүнөн кутулат.

Ноокен районунун Сай-Бою айылына суу түтүгү ушул күнгө чейин жеткен эмес. Айыл эли мына минтип, өздөрү кудук жасатып, ага унаа менен суу куйдуруп ичишет.

Махпурат Абдукаимова 3 жыл мурда 5 тонна суу бата турган кудук жасаткан. Бир унаа менен келген сууну 600 сомго сатып алат. Аны үнөмдөп колдонуп, 1 айга жеткирет. Антпесе 30 күндө эки жолу суу сатып алуу капчыкка кыйла эле сокку болот дейт. Башка арга жок. Суусуз тиричилик өтпөйт.

Келээрки жылдан баштап мунун баары артта калат. Быйыл 8 миллион сомдук таза суу тартуу долбоору башталган. 5 чакырым аралыкка негизги суу түтүгү орнотулган. Долбоор жергиликтүү элдин салымы, районду өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн каражатка жана Британия өкмөтүнүн көмөгү аркасында ишке ашты.

Үйлөргө суу чыгып калса, жергиликтүү жашоочулар 1 кубуна 50 сомдон төлөп ичип калат. Эң башкысы саламаттыгыбызга кам көрүлөт, мурдагыдай сакталган сууну ичпей калабыз, - дешет жергиликтүүлөр.
Жалал-Абад облусуда республикалык бюджеттин эсебинен таза суу тартуу иштери жүрүп жатат. Сузак районунда Каду, Ак-Тоок жана Кыз-Көл айылынын элин ичүүчү таза суу менен камсыз кыла турган долбоор башталды. Анда 40 чакырымга жакын аралыкка түтүк көмүлөт. 500 метр куб көлөмдөгү 2 суу кампасы курулат. Натыйжада, Кыз-Көл айыл аймагындагы 5-6 миңден ашуун жашоочунун таза суу көйгөйү чечилет. Аталган айылдарда жергиликтүүлөр сай жана булак суусунан ташып ичет.
Бүгүнкү күндө дубан боюнча 48 айылда таза суу тартуу иштери колго алынган. 24 айылды республикалык бюджет каржылоодо. Андан сырткары, Ислам өнүктүрүү банкы, жергиликтүү бюджет, ошондой эле атайын фонддор, өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан каржыланып жаткан 442 айыл бар. Иштер 2018-2023 стратегиясынын алкагында жүргүзүлүүдө.