Жаңылыктар
Бишкек шаарында 1-ноябрдан тартып жылуулук берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарында 1-ноябрдан тартып  жылуулук берилет

Өлкөнүн бардык аймактарында кышка даярдык көрүлүүдө. 1-ноябрдан тартып Бишкекте жылуулук берилет. Кыргызстанда январь-сентябрь айларынын аралыгында көмүр былтыркы жылдын тогуз айына салыштырмалуу 21 пайызга көп казылып алынды. Мындан сырткары эскирген энергетикалык жабдууларды жаңылоо иштери жүрүп жатат.  


Адистер жакынкы күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөөрүн кабарлаган. Мындан улам Бишкекте жылуулукту 1-ноябрдан кечиктирбей берүү чечими кабыл алынды.


Кыш мезгилинде электр жабдууларында көйгөй жаралып, авариялык абал түзүлгөн учурлар кездешет. Маселен былтыр эки миңдей авариялык өчүрүүлөр болгон. Адистер муну чубалгылардан тартып көмөк чордондорго чейин эскиргени менен байланыштырып келишет. Быйыл аларды жаңылоого көбүрөөк көңүл бурулду. Үзгүлтүксүз жарыкты, энергияны камсыз кылуу үчүн сапатка да маани берилип жатат.

Өкмөттүн токтомуна ылайык 2019-2020-жылдардын жылытуу мезгилине карата жалпы өлкө боюнча эки жарым миллион тонна көмүр камдоо максат кылынган. Бюджеттик мекемелерге 236 миң тонна керек болсо, учурда анын 139 миң тоннасы жеткирилди.











Флаги блока:
На монтаж -- 0Смонтирован -- 0
Носители: