Жаңылыктар
Таласта кайра иштетүүчү ишканалар көбөйдү
Экономика
Таласта кайра иштетүүчү ишканалар көбөйдү

Талас облусунда 9 ай аралыгында 38 ишкана ачылды. Натыйжада 400гө чукул жаңы иш орундары түзүлдү. Учурда дубандын брендине айланган төө буурчакты кайра иштетүү тармагына ыктагандар арбын. Бул багытта сорттоп, тазалап, тийиштүү көлөмдө таңгактоочу бир катар ишкана ачылган. Аймактагы кабарчыбыз облуста жүргүзүлүп жаткан иштерге күбө болду. 



Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканалар арбын. Алардын биринде мүшөктөргө таңгакталган төө буурчак бир-эки күн аралыгында Россия менен Беларусияга жөнөтүлөт.

Күз келгени мындай кайра иштетүүчү ишканаларда иш ыргагы күчөйт. Анткени дыйкандар талааларынан түшүмүн жыйнап, кабыл алуучу кампаларга өткөрөт.


Мындай учурда ар бир ишканада жумуш орундары ачылат. Кээде 200гө чукул адамдын эмгеги керек болушу мүмкүн. Бул ишканада 30дай адам иштейт. Алардын орточо айлыгы 20 миң сомдун тегереги. Мани Шакилова да айылдаштары менен бирге эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин ушул жерде иштеп, тапкан кирешесине ыраазы.