Жаңылыктар
Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба азыктарынын экспорту өстү
Экономика
Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба азыктарынын экспорту өстү

Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба азыктарынын экспорту өстү. Былтыркы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу сүт 5 миң 200 тоннага, балык жана эт миң тоннага көбүрөөк чыгарылган. Ошондой эле, экспорттолгон бир да азык кайра артка кайтарылган эмес. Бул ветеринардык кызматтын натыйжалуу иш алып баргандыгынан улам, - дешет адистер. 



Азыркы тапта республика боюнча талапка ылайык 19 лаборатория иш алып барууда. Алардын экөөнүн улуттук макамы бар, продукцияны экспорттоо боюнча тастыктама бере алат.


Адистердин айтымында, тамак-аш продукцияларынын коопсуздугу ушул химия, токсикология жана ветеринардык, санитардык экспертиза бөлүмүндө изилденет. 3 күндөн 7 күнгө чейинки аралыкта толугу менен текшерилип бүтөт. Бул борбордо азыктар менен катар жем-чөптөрдүн да курамдары аныкталат.

Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияларды сыртка чыгарууга кеңири жол ачылууда. Айыл чарба азыктарынын экспорту быйыл өткөн жылга салыштырганда бир топ өсүп, сүттүн экспорту 5 миң 200 тоннага, балык жана эт 1 миң тоннага жогорулады. Сүт өндүрүүчү ишканалардын 21и ЕАЭБдин тизмесине кирип, учурда Казакстан, Россия өлкөлөрүнө экспорттолуп жатса, эт азыктары көбүнчө Кувейт, Катар, Сауд Арабия, Иран, Өзбекстан өлкөлөрүнө жиберилүүдө. Жакынкы арылыкта Кытайга да чыгарыла баштайт.