Жаңылыктар
Инсультка каршы күрөшүү күнүнө карата маалыматтык акция өттү
Ден соолук
Инсультка каршы күрөшүү күнүнө карата маалыматтык акция өттү

Бүткүл дүйнөлүк инсультка каршы күрөшүү күнүнө карата Бишкекте алдын алуу жана маалыматтык акция өттү. Иш-чаранын негизги максаты - оорунун алдын алуу үчүн убагында текшерүү, дарылоо тууралуу калк арасында түшүндүрүү болуп саналат. Адистер инсульт болгон адамга биринчи жардам берүүнүн ыкмаларын көрсөтүп, кан басымын текшерип, туура тамактануу жолдорун да айтып беришти.

Мындай иш-чараны уюштурганыбыздын себеби ар бир жаран инсульттун алдын алуу жолдору тууралуу маалымат алып, тажрыйбалуу адистердин кеңеш алышын каалайбыз, туура тамактануу жөнүндө айтып беришет адистерибиз. Оору айттырып келбейт, бирок ооруп калбоо ар бирибиздин колубузда“,- деди Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова. 

“Биз бул жерде кандай тамактаныш керектигин айтып беребиз. Мисалы, жер ортолук деңизинин мүнөз тамагы тууралуу айтып беребиз. Бул жакта баардыгы жазылган, келген кардарларга керектүү маалыматты берип жатабыз деп ойлойм”,- деди КММАнын неврология кафедрасынын ассистенти Мээрим Абдраева.