Жаңылыктар
Улуу Британияда парламенттик шайлоо өтөт
Дүйнө
Улуу Британияда парламенттик шайлоо өтөт

Улуу Британиянын Жамааттар Палатасы 12-декабрда мөөнөтүнөн мурда боло турган парламенттик шайлоону колдоду. Демилгени парламенттин 438 депутаты колдоп, анын ичинде 20сы каршы чыкты. Учурда маселени парламенттин Жогорку Палатасы талкуулоосу кажет. Мыйзам чыгаруу органдарынын кароосуна коюлган мыйзам долбоору, парламент аны четке каккан күндөн кийинки күнү каралды. 

Мында демилгени тездетилген тартипте талкуулоого макулдашышты. Дүйшөмбү күнү өкмөт башчы Борис Жонсон көпчүлүк үчүн зарыл болгон шайлоонун добуштарынын санын кыскартууну сунуштады. Буга чейин ал бир нече жолу Евробиримдиктен чыгуу тартибин макулдашуу аракетин көрүп, парламентти өзгөртүүгө чакырды. Ал эми “Лейбористтер” мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого каршы. Партиянын лидери Жереми Корбин бул шайлоо катаал “брексит” маселесинин курчушуна алып келет деп билдирди. Кышкы шайлоо Улуу Британияда дээрлик жүз жылдан бери биринчи ирет болуп жатат. Саясатчылардын айтымында, акыркы жылдары күтүүсүз окуялар көп болууда.