Жаңылыктар
Алыскы сапарга чыгууда абайлаңыз!
Кыргызстан жаңылыктары
Алыскы сапарга чыгууда абайлаңыз!

Патрулдук милициянын башкы башкармалыгы айдоочуларды, жамгырдын кесепетинен улам пайда болгон коркунучтардан улам алыс сапарга чыгуудан карманып турууну эскертет. 

Бир нече күндөн бери нөшөрлөп жааган жамгыр тоо кыртышында кыяндарды пайда кылып, өлкө аймагындагы бир нече жол каттамдарына таштар кулап, баткактар уюп калган. 

Учурда Кайгуул милиция башкармалыгы кооптуу аймактарга атайын күзөтчүлөрдү коюп, жол коопсуздугуна кам көрүп жатышат. Эми алар жолдордогу таш аралаш баткактарды тазалоо иштери аяктап, каттамдар толук калыбына келгенчекти күзөттө турушат.