Жаңылыктар
Рональд Лаудер Ангела Меркелди “цивилизациянын коргоочусу” атады
Дүйнө
Рональд Лаудер Ангела Меркелди “цивилизациянын коргоочусу” атады

Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель Мюнхенде Теодор Герцльдин сыйлыгына татыктуу деп табылды. Бул сыйлык эл үчүн иштеген мыкты инсандарга берилет.

Бүткүл дүйнөлүк Европа конгрессинин президенти Рональд Лаудер канцлер Ангела Меркелди “цивилизациянын коргоочусу” деп атады.

“Бул маселе бир гана Европанын эле эмес, Германияга да тийиштүү. Биз антисемитизмге, расизмге, исламофобизмге жана ксенофобияга каршы чыгышыбыз керек",- деди Бүткүл дүйнөлүк Европа конгрессинин президенти Рональд Лаудер.

Ангела Меркель Германиянын чыгышында жайгашкан Галледе кол салуу болуп, анда эки адамды атып кеткен учурду эске салды.

Германияда антисемитизм уланып, өзүнүн жаман жактарын көрсөтүп жатат. Ал эми кол салуу Галледе гана эмес, жалпы баарыбызды тынчсыздандырат”,- деди Германиянын канцлери Ангела Меркель 

Бүткүл дүйнөлүк Европа конгресси жүргүзгөн сурамжылоодо болжол менен ар бир төртүнчү Германиялык жарандын айтымында, Европалык бийликте, экономикада жана коомдо агым чоң күчкө ээ болуп жатат.