Жаңылыктар
Өлкөдө билим берүүнү жакшыртуу аракеттери кандай?
Билим
Өлкөдө билим берүүнү жакшыртуу аракеттери кандай?

Учурда 2020-2030-жылдарга Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын долбоору иштелип чыккан. Деги эле өлкөдө билим берүүнү жакшыртуу аракеттери кандай жүрүүдө?

"Биринчи радионун" "Күндүн темасы" уктуруусуна КР билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков катышып, билим берүү жаатындагы коомчулукту кызыктырган суроолорго жооп берди. 

Уктуруунун жүрүшүндө билим берүүнүн сапатын эл аралык стандарттарга ылайык жакшыртуу, мектептерди сапаттуу окуу китептери менен камсыз кылуу, курулушу бүтө элек жана авариялык мектептердин абалы, билим берүү объектилеринин жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлүү маселелер талкууланды. 

Каныбек Исаков билим берүү тармагын өнүктүрүү жана көйгөйлөрдү чечүү боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берип, билим берүү тармагында санариптештирүү процессин тездетүү, кесиптик-техникалык билим берүү системасын өнүктүрүү багытына токтолду. 

«Өлкө боюнча мектептердин электрондук картасы жана Билим берүү башкармалыктарынын бирдиктүү базасы түзүлүүдө. Бул өлкөдөгү жалпы мектептер тууралуу маалыматтарды ыкчам алууга, кырдаалды анализдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт», — деп белгиледи Каныбек Исаков.

Өлкө аймактарындагы авариялык абалдагы мектептерди тезинен жаңылоо, оңдоп-түзөөлөр боюнча жарандардын суроолоруна жооп берилип,  министр жеке көзөмөлүнө ала тургандыгын билдирди. 

Электрондук кезек, электрондук күндөлүк сыяктуу санарип технологиялары жайылтылып, «Алиппе ТВ» долбоору колго алынаары тууралуу маалымат берилди. 

Министр жогорку окуу жайларды эл аралык талаптарга ылайыктоо багытында стимулдаштыруу иштери күчөтүлөөрүн билдирип, 2024-жылга чейин Кыргызстандын жогорку окуу жайларын эл аралык рейтингге алып чыгуу пландалып жаткандыгын белгиледи.