Жаңылыктар
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келет
Саясат
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келет

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга келүсүү күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Казакстандын тышкы саясат боюнча министрлигинин сайтында жарыяланган маегинде айтылган.

Маалыматка ылайык, Казакстандын президентинин Кыргызстанга жасаган сапарынын алкагында өлкөлөр аралык кызматташуунун комплекстүү программасына кол коюлушу мүмкүн. Эскерте кетсек, Токаевди Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келип кетүүгө президент Сооронбай Жээнбеков чакырган.