Жаңылыктар
Ажылык сапарга каттоо бүгүн аяктайт
Кыргызстан жаңылыктары
Ажылык сапарга каттоо бүгүн аяктайт

Бүгүн кечки саат алтыдан тартып өлкөнүн бардык аймактарында ажы сапарына баруучуларды каттоо иштери токтотулат. Каттоо иши 11-апрелде башталган. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын сайты жазып чыкты. Жалпы республика боюнча ажылыкка каттоо иши онлайн түрүндө 34 жерде жүргүзүлдү. 

Ажылыкка барчулар өз аты-жөнүн жана документтеринин толуктугу тууралуу тизмеден карап, текшерип алса болот. Каттоо аяктагандан кийин, чүчү кулак кармоо менен ажылыкка барчулар аныкталат.

Быйылкы жылы ажылыкка барууга Кыргызстанга 3 миң 685 орун берилген. Ажы сапарына зыяратка барчулардын алгачкысы 16-августта Бишкектен, 20-августта Оштон Меккеге аттанат. Эң акыркысы 29-августта барат. Ажылык сапардын акысы быйыл 2600 доллар деп белгиленген.